Маанилүү жаңылыктар

Ноокаттагы селден 8 канал жабыркап, 7га ашуун айдоо аянты зыянга учурады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ош башкы суу чарба башкармасы боюнча 2024-жылдын 28-30-июнь күндөрү болгон катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин пайда болгон табигый кырсыктан Ноокат районунда 8 чарба аралык каналдары сел-кыяндарга дуушар болгон.

Учурда табигый кырсык катталган жерде 25 кызматкер, 7 атайын техника ишке тартылып, жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүп, сугат суу берүү жандандырылууда. 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алындагы Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын май-июль айларынын аралыгында жаан-чачын көп болуп, бир катар ирригациялык объектилерге сел кырсыктарынын кайталаныш кооптуулугу түзүлүүдө. 

2024-жылдын 28-июнь күнү райондун аймагында айылдарда каттуу нөшөрлеп жааган жамгырдын кесепеттеринен сел келип, айылдагы тургундардын үлүш жерлерине, бак-дарактарга, эгилген айыл чарба эгиндерине сел кирип, шагал, кум толуп зыян келтирген.

Ошондой эле, аталган райондо сел каптаган айдоо аянты жалпысынан 7,47га түзөт.

Анын ичинен:

буудай -1,0 га

жүгөрү- 3,36га,

картошка-0,25га,

беде-2,86га

Район боюнча келтирилген зыян: 198 430 сомго барабар.

Show More
Back to top button