Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба тармагында активдүү кызматташат

2024-жылдын 27-июнунда Бишкекте айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча Кыргыз-Өзбек жумушчу тобунун экинчи отуруму өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн айыл чарба ведомстволорунун, ведомстволук түзүмдөрүнүн жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу жумушчу топтун биринчи отурумунда жетишилген натыйжаларды талдоого, учурдагы абалды талкуулоого арналды.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык технологияларды киргизүү маселелери каралды. Айыл чарба секторунун натыйжалуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жөндөмдүү жаңы ыкмалар жана технологияларды талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана тереңдетүүгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүү, заманбап агротехнологиялар жаатында тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле суу ресурстарынын абалын жакшыртуу жана аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жумушчу топтун отуруму эки тараптын өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө болгон чоң кызыгуусун көрсөтүп, айыл чарба тармагындагы жалпы максаттарга жетүү үчүн активдүү иш-аракеттерге даярдыгын ырастады.

Show More
Back to top button