Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бүгүнкү күнгө карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күнгө карата капиталдык оӊдоо жумуштардын аткарылышы боюнча маалымат

2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 497,8 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 492 гидротехникалык курулмалардын, 189 суу өлчөөчү посттордун, 112 насостук станциялардын, 197 насостук агрегаттын оңдоо, 14 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 9 суу топтоочу курулмалардын (3 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 59,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылууда.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2024-жылдын 10-майына карата бүткөрүлүп, учурда суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө.

Show More
Back to top button