Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда балыкты жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат

2024-жылы 26-июнда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Үрүмчү шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда эл аралык “ЭКСПО Кытай-Евразия” көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Борбордук Азиядагы региондун өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен жана “бир алкак – бир жол” долбоорун ишке ашыруу Демилгесине жооп катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору менен байланышкан потенциалдуу артыкчылыктарды эске алуу менен Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө активдүү көмөктөшүүгө умтулууларын билдиришүүдө. Бул көргөзмө Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси жана көмөгү менен эки өлкөнүн ишканалары арасында кызматташуу максатында төмөнкү меморандумдарга расмий түрдө кол коюлду:

«Аквасервич» ЖЧК (КР) – Xinjiang Koulekoufu Import And Export Trade Co.Ltd (КЭР);

«ЭФТАР Агро Комплекс» ЖЧК (КР) – Tianhuan ECO International Economy & Trade (Nanjing) Co., Ltd (КЭР);

«Аква Пром» ЖЧК (КР) – Yining Agricultural and Commercial Investment (Group) Co., Ltd, (КЭР);

«Торо» ЖЧК (КР) – CHANGSHU SILK ROAD IMPORT EXPORT, TRADE СО., LTD(КЭР)

Кол коюлган меморандумдар Кыргыз Республикасында “асан-үсөн форелин” өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводдорду курууга, ошондой эле Кытай Эл Республикасына Айыл чарба продукцияларын мындан ары экспорттоо үчүн стандарттарга ылайык келген уй этин, бодо малдын кошумча продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча заводду курууга багытталган.

Show More
Back to top button