Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жайыт жердин кыртышын бузгандарга айыптын өлчөмү эсептелинди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жайыт жердин кыртышын бузгандарга айыптын өлчөмү эсептелинди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө пландуу текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, КР Жер Кодексинин 95-96-беренелери жана КР Министрлер Кабинетинин “Жерди бузуп зыян келтиргендиги үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө” 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтому сакталбай, мыйзам бузууга жол берилгендиги аныкталган.

Жыйынтыгында узуну 54 метр, туурасы 9 метр болгон жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 253 миң 555 сом (эки жүз элүү үч миң беш жүз элүү беш) доо эсептелип, коюлду.

Ошондой эле, укук бузуулардын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, укук бузууларды четтетүү боюнча жазма буйрук берилди.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан табылган мыйзам бузуулардын саны 714 болсо, 2 млн 513 миң 581 сом доо эсептелинип коюлду.

Show More
Back to top button