Маанилүү жаңылыктар

Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республикабыздын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна тоскоолдук жаратып келет.

20-июнга карата жалпы республика боюнча чегирткелерди изилдөөлөр иштери 88670 га жүргүзүлдү, тактап айтканда Жалал-Абад облусунда – 42360 га (Ноокен району – 20875 га, Сузак району – 7185 га, Базар-Коргон району – 8900 га, Аксы району – 4350 га., Ала-Бука району – 1050 га.), Ош облусунда – 15370 га. (Араван району – 10970 га, Ноокат району – 4400 га. ), Баткен облусунда – 19960 га (Лейлек району – 15760 га, Баткен району –1100 га, Кадамжай району – 3100 га, ), Чүй облусунда – 7890 га (Панфилов району – 3320 га, Жайыл району – 1820 га, Сокулук району – 1550 га., Москва району – 1200 га.), Нарын облусунда – 3090 га. (Ат – Башы району – 2480 га., Нарын району – 310 га., Ак-Талаа району – 300).

Химиялык иштетүүлөр 20-июнга карата 55531 гектар аянтта өз убагында жүргүзүлдү, а. и. Жалал-Абад облусунда – 27420 га (Ноокен району – 13280 га, Сузак району – 5190 га, Базар-Коргон району – 5850 га, Аксы району – 3100 га.), Ош облусунда – 9500 га, (Араван району – 6800 га, Ноокат району – 2700 га. ), Баткен облусунда – 15150 га (Лейлек району – 11850 га, Баткен району – 900 га, Кадамжай району – 2400 га, ), Чүй облусунда – 2711 га (Панфилов району – 860 га, Жайыл району – 870 га, Сокулук району – 883 га., Москва району – 98 га.), Нарын облусунда – 750 га, (Ат – Башы району – 350 га., Нарын району – 200 га., Ак-Талаа району – 200 га).

Show More
Back to top button