Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Мөмө-жемиш сортторун селекциялоонун жаңы багыттарына көңүл бурулат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Мөмө-жемиш сортторун селекциялоонун жаңы багыттарына көңүл бурулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде багбанчылык боюнча эксперттик кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү.

Жыйында багбанчылыктын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары каралып, экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун алып келүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүүнү жана логистиканы өнүктүрүүнү кечеңдеткен көйгөйлөр айтылды.

Республиканын ар кандай топурак-климаттык региондорунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн сортторун селекциялоонун жаңы багыттары жөнүндө маалымат берилди.

Жыйынтыгында пикир алмашуу болуп, Кыргыз Республикасында багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер жана сунуштар кабыл алынды.

Show More
Back to top button