
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин адистери Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы «Ыссык-Көл плюс балык чарба кооперативи» менен биргеликте республиканын балык чарба маанидеги көлмөлөрүн, балык чабактарын жасалма жол менен өндүрүү боюнча балыктандыруу иш чарасын жүргүзүүдө.
Бүгүн, 12-июнда Карп-сазан балыгынын 7 млн. даана уругун алып, инкубациялык аппараттарга салынды. Балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иш чарасы уланууда.

