Маанилүү жаңылыктар

Душанбедеги суу ресурстары боюнча эл аралык конференцияга Кыргызстандын делегациясы катышты

11-июнда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев баштаган  Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтүп жаткан “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” үчүнчү эл аралык конференцияга катышууда.

Конференциянын максаты-өлкөлөрдүн жалпы күч-аракеттерин мындан ары активдештирүү жана “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” иш-аракеттеринин он жылдыгынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууну колдоо болуп саналат.

2024-жылдын 10-июнунда болуп өткөн “Борбордук Азиянын суу жана климат форумунда” кыргыз делегациясынын башчысынын сүйлөгөн сөзүндө белгиленгендей, Кыргызстан Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн ыктыярдуу милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда, ошондой эле табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча саясатты ишке ашырууга активдүү катышууга даяр.

Конференциянын негизги пленардык отурумунда Алмазбек Сокеев өз сөзүндө Кыргызстандын аймагында Арал деңизинин бассейниндеги суу ресурстарынын 40%га жакыны калыптанарын, анын ичинен биздин өлкө 20% га жакынын пайдаланарын, ал эми 80% региондогу өлкөлөргө жумшалаарын белгиледи.

Сокеев климаттын өзгөрүү шарттарында жана региондогу мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришинин фонунда ирригациялык инфраструктураны модернизациялоонун жана заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул контекстте конференциянын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Бишкек шаарында энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча аймактык борборду түзүү демилгесин колдоого чакырды.

Делегация башчысы ошондой эле регионду суу менен камсыздоодо маанилүү ролду ойногон тоо экосистемаларын коргоо жана сактоо боюнча биргелешкен күч-аракеттерди колдонуу зарылдыгын жана Кыргызстан тарабынан демилгеленген тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Конференциянын алкагында Кыргызстандын делегациясы эл аралык донордук уюмдардын жана финансылык институттардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Тактап айтканда, Сауд Өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен Кыргызстанда суу ресурстары жаатында ишке ашырылып жаткан долбоор талкууланып, долбоордун экинчи фазасын улантуу мүмкүндүгү белгиленди, анын чоо-жайы үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Бишкек шаарында боло турган жолугушууда талкууланат.

Show More
Back to top button