2024-жылдын 22-майында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов, министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев “Органик Экспо – Борбордук Азия” регионалдык форумунун концепциясын таанышуу үчүн Эл аралык Элчилер жана долбоорлордун жетекчилери менен талкулоо жыйын өткөрүштү.
Жолугушунун жүрүшүндө Кыргызстан аймагында биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда регенеративдик айыл чарбасын системалуу илгерилетүү, тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоо жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн колдоочуларын бириктирүү, ошондой эле органикалык жана экологиялык таза продукциялардын көргөзмө – жарманкеси тууралуу кеңири мааалымат берилди.
Өз кезегинде аталган көргөзмө-жарманкеге колдоо көрсөтүү жана кызыкдар өнөктөштөрдү тартуу боюнча иш алып барылууда.