Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жыл башынан бери ондогон мыйзамсыз басып алынган жерлер аныкталды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери ондогон мыйзамсыз басып алынган жерлер аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты аткаруу алкагында жыл башынан бери республика боюнча ички иштер башкармалыктарына – 26, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыктарына – 3 материал өткөрүлүп берилди.

Ал эми 4 объект өзүлөрүнө тиешелүү жер аянттарынан чыгып кеткендиги аныкталып, эскертүү берилип, аталган жер аянттары өз калыбына келтирилди.

Мындан сырткары, 25 объектиге жазма буйрук, эскертүү берилген. Ошондой эле комиссия менен иш алып барууда 102 жаранга кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилген. Берилген эскертүүлөрдүн натыйжасында 102 жаран кеңейтип алган жерлеринен өз чектерине жылдырылды.

     Өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштери тынымсыз  жүргүзүлүүдө.

Show More
Back to top button