Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүү мерчемделүүдө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүү мерчемделүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев министрликтин жана “Айыл Банк”, “РСК Банк” ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте кулпунай өндүрүмүнүн экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү максатында, бул азыкты экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту.
Күн тартибинде кулпунай үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаалы жана глобалдык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды. Каржылоого байланыштуу бир катар олуттуу көйгөйлөр, жана аталган продуктуга тоңдурма кампаларды куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кулпунайды экспорттоону толук масштабдуу жөнгө салуу процесстерин андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун белгилешти. Тактап айтканда, кулпунайды экспортко чыгарууда кандай көчөттү отургузуу максатка ылайыктуу, даамы, түшүмдүүлүгү, көпкө бузулбай сактала турган сапатына маани берүү, жаңы рынокко кирүүнүн шарттарын изилдөө талаптары белгиленди.
Кулпунайды экспортко чыгарууну колго алышкан ата мекендик өндүрүүчүлөр жакынкы жылдары экспорттун көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү үчүн, орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү боюнча алдыга максаттуу пландарды коюп жатышканын билдиришти.

Show More
Back to top button