Маанилүү жаңылыктар

Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 4 миңден ашуун тоннаны түздү

Быйылкы жылдын жаздык айдап себүүсүн толук кандуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамынын негизинде, 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары менен мамлекеттик дотацияга 41 келишим түзүлдү. Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 4103,27 тоннаны жана түзүлгөн келишимдин жалпы дотациялык суммасы 55,75 млн сомду түздү.

Анын ичинен:

– жаздык буудай 1033,75 тонна

– жаздык арпа 2715 тонна

– жүгөрү 91,0 тонна

– беде 18,52  тонна

– пахта 42,5 тонна

– эспарцет 7,5 тонна

– картөшкө 195,0 тонна

Бүгүнкү күндө түзүлгөн келишимдердин негизинде республиканын дыйкан жана фермерлерине 2798,2 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү 34,3 млн. сомго таратылды.

Анын ичинен 4,64 млн. сомго 417,6 тонна буудай, 24,1 млн. сомго 2229,4 тонна арпа, 1,83 млн. сомго 20,3 тонна жүгөрү, 246,6 миң сомго 7,5 тонна эспарцет, 1,78 млн. сомго 17,47 тонна кара беде, 608,6 миң сомго 22,3 тонна пахта жана 1,08 млн. сомго 83,5 тонна картөшкөтаратылды. Дотация аркылуу үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2008 жетти.

Show More
Back to top button