Маанилүү жаңылыктар

4 айда 274 миңден ашуун мал жандык идентификациялоодон өткөрүлдү

2024 – жылдын 4 айында ЖИКС (жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалыматтык тутумунда 2 191,8 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,3 миң баш чочко, 509,3 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт. Анын ичинен 2024 – жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 263,3 миң баш ири мүйүздүү мал, 1,3 миң баш чочко, 9,6 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, каттоого алынды.

Топтук идентификациялык номур ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасында 142 үй канаттуулар фермасы, 1433 аары багуучу чарбада 97,2 миң аары бал челектер, 415 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

2024 – жылы республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондорунда пилоттук негизде иштери жүргүзүлө турган болгон. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 118,4 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүп, план 37% аткарылды.

Show More
Back to top button