
Президенттин Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу, жайыттардын абалын, түшүмдүүлүгүн, жайыт жерлердин асылдуулугун жакшыртуу максатында Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 2024-жылга республика боюнча 30 000 гектар аянтка 296 072 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн 85 643 683 сомго сатып алуу үчүн 2024-жылы 11-майда Мамлекеттик сатып алуулар порталына 240511443010058 номерлүү ачык конкурс жарыялады.
Конкурстун шарттары жана талаптары боюнча кеңири маалыматтар менен Мамлекеттик сатып алуулар порталынан http://www.zakupki.gov.kg/popp/ ссылкасы аркылуу таанышып, компаниялар тиешелүү сунуштарын жөнөтсө болот.