Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө мал жандыктардан Сибирь жарасы аныктала элек

Айрым массалык маалымат каражаттарында Медициналык кызмат берген маалымат боюнча адамдар арасында Сибирь жарасы катталганы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, аргасыздан союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган. Ветеринардык кызматтын жана Медицина кызматтын лабораторияларынын болжолдуу жыйынтыгы терс чыгууда (предварительный результат отрицательный), азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр улантылууда. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат. Ошондой союлган мал өз учурунда Сибирь жарасына каршы эмделген. Бүгүнкү күндө сибирь жарасы ылаңына каршы Ветеринардык-санитардык иш-чаралар жеринде жүргүзүлүп жатат. Сибирь жарасына каршы вакцина 100% камсыздалган. Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.

Show More
Back to top button