Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча иштер жүргүзүлдү

2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаменти тарабынан «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо»  (атмосферага бөлүнүп чыгуусун алдын алуу үчүн көмүр кычкыл газын (СО2) кармоо жана сактоо ) долбоорун ишке ашыруу иштерин баштаган. Долбоордун негизги максаты – көмүртектин атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү менен өлкөнүн өнүгүшүн камсыздоо. Бул долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылган: Жайыттарга мониторинг жана балоо жүргүзүү, үрөн себүү жана башка жумуштарды биргеликте аткаруу үчүн 2024-жылдын март айында Департамент менен АРИСтин (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу) ортосунда меморандум түзүлүп кол коюлду; Департаменттин адистерине ФАОнун (БУУнун Азык-түлүк айыл чарба уюму) консультанттары тарабынан   климаттын өзгөрүшүнүн жайыттарга тийгизген таасири боюнча окууларды өткөрүлдү; Асыл тукум мал чарбасы, жайыт жана тоют департаментине долбоор тарабынан колдоо көрсөтүү үчүн 2 консультант алынды.

Show More
Back to top button