Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2024-жылда республика боюнча жалпы 59 жаңы айыл чарба кооператив түзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2024-жылда республика боюнча жалпы 59 жаңы айыл чарба кооператив түзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылы жалпы республика боюнча жаңы 59 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, иштеткен жеринин аянты 4500 га, мүчөлөрүнүн саны 413дү тздү. Анын ичинен: Чүй облусунда – 15; Ысык-Көл облусунда – 3; Ош облусунда – 11; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 6; Нарын облусунда – 8; Баткен облусунда – 4. Министрликтин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү Программасын” региондордо ишке ашыруу ишин алып барууда. Кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.

Show More
Back to top button