Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын, суусундук, тамеки өндүрүү багытында 415 ишкана катталган

Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы убакта иштеп аткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган, алардын ичинде облустар боюнча: –    Баткен облусунда-7, Жалал-Абад облусунда-38, Ош облусунда – 28,  Ысык-Көл облусунда-25, Нарын облусунда-11, Талас облусунда-4, Чүй облусунда-136, Бишкек шаарында-146 жана Ош шаарында 20.

Ошондой эле, тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча: 

Баткен облусунда – 1214, 

Жалал-Абад облусунда -1499, 

Ысык-Көл облусунда – 712, 

Нарын облусунда – 562, 

Ош облусунда – 3021, 

Талас облусунда – 194, 

Чүй облусунда – 1815, 

Бишкек шаарында – 1093                  

Ош шаарында – 703. 

Бүгүнкү күндө 32 ишкана ХАССП (HACCP), ISO 22000 жана Global G.A.P. эл аралык тамак-аш коопсуздугу жана сапатыны стандарттарын ийгиликтүү колдонуп жатат. Бул стандарттар тамак аш коопсуздугун жана эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналат. 30-январь күнү “Агродиалог” алкагында аталган стандарттарды ийгиликтүү ишке ашырган компаниялардын өкүлдөрү төмөнкү багыттар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүшөт: 

•    ХАССП жана Global G.A.P. стандарттарын өндүрүш процессине киргизүүнүн практикалык кадамдары жана жолдору.

 •    Эл аралык стандарттарды колдонуу менен ишканалар үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр.

 •    Жаңы рынокторго чыгуу перспективалары, керектөөчүлөрдүн ишенимин арттыруу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Бул тажрыйба алмашуу эл аралык стандарттарды колдонууга жаңыдан камынып жаткан жана өз продукциясынын сапаты менен коопсуздугун жакшыртууга умтулган ишканалар үчүн баалуу ресурс болуп калат. Баарыңызды бул талкууга активдүү катышууга жана азык-түлүк коопсуздугу менен сапаты боюнча эл аралык стандарттарды колдонуу тууралуу кеңири маалымат алууга чакырабыз! 

Белгилей кетсек, “Агродиалог – 2025” иш чарасынын 2025-жылдын 28-29-30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт.

Show More
Back to top button