Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аарычылык жана Европадан алып келинген уйлардан сүттү мол алган чемпиондор аныкталды

Токталиев Рахат, Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда таза бал алуу үчүн көчүп конуу менен чогултуп “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет. Рахат мырза, 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен. Ат-Башы ак балынын өзгөчүлүгү нукура таза бал болуп эсептелет. Рахат мырза балдын 2 түрүн өндүрөт, Эспарцет балы жана тоо гүлдөрүнөн алынган балды. Ал эми Зуев Михаил жогорку продуктивдүү “Голштин” породасындагы малды өстүрүүгө адистешкен “Крепость” дыйкан-фермердик чарбасынын жетекчиси. Даниядан жана Германиядан тандалган элиталык бодо мал чарбага эки этапта киргизилген. Учурда чарбада төмөнкүлөр бар: Голштино-фриз породасындагы 40 уй, жана 43 музоо — бул малдын тукуму. “Крепость” ДФЧ европалык респонденттик үйүрдү көзөмөлдөө системасын колдонот. Система реалдуу убакыт режиминде иштейт жана жазат: уйлардын физикалык абалы, Аңчылык фазалары, рацион жана тамактануу деңгээли. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, ийгиликке жеткиңиз келеби? Анда, багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбачылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28-29-30-31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде Агродиалог-2025 иш чарасынын алкагында кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0709-144 938 (Элвира Мамбетова).

Show More
Back to top button