Бүгүн 13-январда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев баш болгон облустун акимдери, ишкер чөйрөсү менен жолугушту. Жолугушууда министр Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү, айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча министрлик тарабынан артыкчылыктуу 5 багыт боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Тактап айтканда, ирригация, таза суу, үрөн, көчөт, мал уругу жана ветеринария, кайра иштетүү, логистика, кооперация, механизация (МТС), экспорт, тармактык илим-билим, тажрыйба алмашуу, окутуу тууралуу жасалып жаткан иштердин натыйжасы, келечекте конкреттүү мерчемделген планга ылайык аткарыла турган иштердин маани-маңызы боюнча демилге-сунуштарга токтолду. Ошондой эле, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкамарлыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери, министрликтин тиешелүү кызмат, департамент башчылары мамлекет тарабынан дыйкан-фермер, ишкерлерди колдоодо кандай каражаттар кайсы булактар аркылуу жеңилдетилген шартта берилип жатканын, эмнени өндүрүп, кайсы өлкөлөргө сатууга мүмкүнчүлүк шарт түзүлгөнүн, өндүрүлгөн товарды экспортко чыгарууда эмнеге көңүл буруу зарылдыгы боюнча кеңири маалымат беришти. Натыйжада, жолугушууда ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторду, талапка ылайык пайдалуу маалыматтарды алышты. Отурумдун жүрүшүндө көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча аткарыла турган иштер белгиленип, конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
Подробнее
26.03.2021
2020-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 21 428,4 млн сомду түздү
07.06.2023
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы 2023-жылы ийгиликтүү улантылууда
19.05.2021
Министрлик малдардын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү
05.04.2021
Министри Аскарбек Джаныбеков “Хунланд-Евразия” ЖЧКсынын директору Алексей Китаин менен жолукту
28.06.2021
Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду
26.05.2021
Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши түзүлдү
14.04.2021
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
05.04.2021
Быйыл Баткен облусуна заманбап шарттагы лаборатория куруу пландалууда
27.04.2021
Министр А.Жаныбеков агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча презентациясын баяндады
02.04.2021
Министр Аскарбек Джаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту
Смотрите также
Close