Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик дыйкандарга айыл чарба үрөндөрүн жеңилдетилген баада бере баштайт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минстрлиги дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында үрөнчүлүк чарбалар даярдаган 30% жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү берүү каралган.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары жана чарбалык субъектер менчигинин түрүнө карабастан кеткен чыгымдын 30% жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү сатып ала алат. 

Жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн дыйкандар;

1)Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген айыл чарба товар өндүрүүчүсү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет.

Айыл чарба товар өндүрүүчүсү өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт:

а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо);

б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо);

в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер жана/же ижара келишими).

2) Райондук комиссия айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Толук маалымат алуу үчүн үрөндөрдү сертификатоо бөлүмүнүн башкы адиси Муратбекова А. 0990-965-006 телефону аркылуу байланышсаңыз болот

Show More
Back to top button