Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу боюнча иштерди жана аларды дегазациялоо боюнча иштерди уюштурууда.
2024-жылдын 11 айдын жыйынтыгы менен болжолдуу аймактык башкармалык тарабынан газдык жана аэрозолдук ыкма менен – жыгач түп кармагычтарды бекитүүчү материалдарды, кургатылган мөмө-жемиштерди, дан эгиндерди, буурчактар, көчөттөрдү, кампа жайлары жана үрөн чарбаларды, башкача айтканда көлөмү 188 547 м3, зыянсыздандыруу иштерин аткарышты.
Анын ичинен:
Кампа жайлары – көлөмү 64 890 м3;
Үрөн чарбалар – көлөмү 44 105 м3;
Тангактоочу материалдар, кургатылган мөмө-жемиштер, дан буурчактар ж.б. –көлөмү 79 552 м3 түздү.