Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын алдындагы “Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору” мамлекеттик мекемесинин Реестрине жыл башынан бери сертификацияланган 651 ветеринардык дары каражаты жана тоют кошулмалары киргизилди.
Мамлекеттик каттоо боюнча планга ылайык 11 айга 104 аталыштагы дары-дармекти каттоо каралган, бирок отчеттук мезгилде 224 ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошумчалар келип түшкөн. Каттоонун жыйынтыгы менен 198 каттоо күбөлүгү берилди. Бул пландын аткарылышынын 189 %ын түзөт.
Сертификаттоо боюнча план боюнча 11 айга 320 аталыштагы дары-дармекти сертификациялоо пландалган. Отчеттук мезгил ичинде 715 ветеринардык дары-дармек жана тоют кошулмалары келип түшкөн. Алардын ичинен 8 аталыштагы ветеринардык дары каражаты мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу жана № 444 “Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” токтомдун негизинде артка кайтарылды. Калган 707 ветеринардык дары каражатына жана тоют кошулмаларына шайкештик сертификаттары берилип, сертификаттоо иши 223% түздү.
Лицензиялоо боюнча “Агро-Смарт” мамлекеттик ишканасы тарабынанветеринардык дары каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана саттуу иштерин лицензиялоо боюнча электрондук маалымат тутуму иштелип чыкты. Тутум аркылуу 112 ветеринардык дары каражаты жана тоют кошулмаларын чекене жана дүң сатуучулардан арыз келип түшүп, 59уна уруксат лицензия берилди. Калган 53нүн ветеринардык дары каражатын сатуучу, сактоочу жайлардын арыздары талапка жооп бербегендиктен артка кайтарылды.
Эске салсак, Министрлер кабинетинин №71 токтомунун негизинде тиешелүү борбор тарабынан мамлекеттик каттоодон жана сертификациядан өткөн дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын реестри дайыма жаңыланып турат.