Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланды

Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз азык-түлүккө ээ болушу үчүн тиешелүү бардык мамлекеттик органдар биргеликте активдүү иш алып баруу керектигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгиледи. Ал бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйынында билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, мал жандыктарын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолгон Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз азык-түлүккө ээ болушу үчүн тиешелүү бардык мамлекеттик органдар биргеликте активдүү иш алып баруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, жаңыдан түзүлгөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институтунун директору институт өлкөдөгү тамак-аштын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча илимий чечимдерди иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөөрүн айтты.

Show More
Back to top button