Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Европа өлкөсү Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүүгө кызыкдар

Венгриялык UMWELT KFT компаниясы Кыргызстанга айыл чарба техникалары жана жабдууларды алып келүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен UMWELT KFT компаниясынын ортосунда өткөн видео конференция учурунда маалым болду.
Анда, Венгриялык UMWELT KFT менен Кыргызстандын айыл чарба тармагында иш алып барган “Агрохолдинг” мамлекеттик ишканасынын кызматташтыгынын маселелери талкууланды. Ошондой эле, UMWELT компаниясы Кыргызстандагы агротармактагы долбоорлорго катышуусу, өз өкүлчүлүгүн ачуу жана Венгрияда жасалган айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келүү маселелери талкууланды.

Show More
Back to top button