
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Туристтик экологиянын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл көлүн браконьерлик синтетикалык торлордон тазалоо иштери боюнча рейддерди жүргүздү.
Анын жыйынтыкта 26 тор (2600 метр) алынып, 2 браконьер балыктар менен кармалды. азыркы учурда Ысык-Көлдө браконьерлик синтетикалык торлордон тазалоо иштери боюнча рейд уланууда.