Жасалма уруктандыруу малдын генетикалык потенциалын жакшыртууга, анын асылдуулугун арттырууга, эт продукциясынын сапатын жогорулатууга жана оорулардын жайылуу коркунучун азайтууга багытталган негизги технологиялардын бири болуп саналат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра тштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын атамекендик мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жасалма уруктандыруу технологияларын активдүү колдонууга чакырат. Заманбап методдорду киргизүү ички жана тышкы рыноктордо кыргыз продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Асылдандыруу иштери өз убагында жүргүзүлсө, жер-жерлерде асыл тукум малдардын саны көбөйүп, породалык курамы жакшырат.