Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жалал-Абадда жайыт жерди бузган жаранга 261 миң 120 сом доо коюлду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айыл аймагындагы “Сарча” участкасынан А.Н.М.аттуу жеке жаран Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чачыранды алтын казып алууга берилген күбөлүктөгү 0,50 га жер аянтынан сырткары, ашыкча 0,34 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын күрдүү катмарын бузуп салгандыгын аныктады.
Жыйынтыгында, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 261 120 сом доо коюлду. Мындан сырткары, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 241-беренеси боюнча 5 500 сом айып салынды.

Show More
Back to top button