Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 10-айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 18332 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:
- импорттук карантинге алынган продукциядан 8306 даана үлгү;
- экспорттук карантинге алынган продукциядан 7279 даана үлгү;
- изилдөө иш-чараларынан 1648 даана үлгү;
- кайрылулар боюнча 307 даана үлгү;
- феромон боюнча 792 даана үлгү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жалпы лабораториялары 48354 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 14 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу, томат күбөсү, типограф кабык жегичи) аныкталган.
Ошондой эле, импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 10-айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 2260 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 2028 даана көчөттөн жана 232 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 6780 экспертиза жүргүзүлгөн.