Дан өсүмдүктөрү боюнча:
2024-жылдын 12-ноябрына карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жалпы 647,5 миң га же 98,9 % аянтта бүткөрүлүп отурат. Анын ичинен:
- Буудай: 240,5 миң га жыйналып бүткөрүлдү. Бул өткөн жылга караганда 8,5 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 30,1 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 ц/га жогору. Дүң жыйым 724,8 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 271,9 миң тоннага, же 60 % жогору.
- Арпа: 245,9 миң га аянтта жыйналып, өткөн жылга караганда 8,5 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,6 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 8,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 630,0 миң тоннаны түзүп, 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 220,4 миң тоннага, же 53,8 % жогору.
- Чанактуулар: жалпы 53,2 миң га аянтта жыйналып бүткөрүлдү. Түшүмдүүлүк 15,5 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 ц/га көп. Дүң жыйым 82,5 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,2 миң га, же 8 % жогору.
- Жүгөрү (дандык): жалпы 103,4 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 70,0 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 ц/га жогору. Бугүнкү күндө аталган өсүмдүктүн оруп жыйноо иштери Чүй облусунда аяктоодо. Дүң тушүмү (азыркы тапта) 723,7 миң тоннаны түзүп отурат.
- Башка дан өсүмдүктөр (күрүч, сорго, тритикале ж.б.): жалпы 13,5 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 39,9 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,0 ц/га көп. Дүң түшүмү 53,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,1 миң га, же 13 % жогору.
Жашылча, бакча жана картошка өсүмдүктөрү боюнча:
- Картошка: 65,9 миң га казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 177,5 ц/га түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 2,1 ц/га жогору. Дүң түшүмү 1170,0 миң тоннаны түзүп отурат.
- Жашылча: отчеттук мезгилге карата дүң жыйымы 1132,4 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,7 миң тоннага жогору.
- Бакча: дүң жыйымы 336,5 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 58,6 миң тоннага же 21,2 % жогору.
Техникалык өсүмдүктөр боюнча:
- Май өсүмдүктөрү: жалпы 14,3 миң га жыйналып, түшүмдүүлүгү 13,0 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 18,6 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 3,0 миң тоннага, же 19,2 % жогору.
- Кант кызылчасы: отчеттук мезгилге карата 11,6 миң гектар аянттан жыйналып алынып, түшүмдүүлүгү 652,9 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 160,3 ц/га жогору. Азыркы тапта дүң жыйымы 754,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 142,3 миң тоннага, же 23,2 % жогору.