Кыргыз Республикасында 2024-жылы кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетээри болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагында кант өндүрүүчү 2 ишкана иштеп жатат: «Кайында-Кант» жана «Кошой» ААК. Заводдор кант кызылчасынан да, кант камышынан да кант чыгарат.