Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кайра иштетүүчү ишканаларга машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн инвестиция тартуу долбоору каралууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кайра иштетүүчү ишканаларга машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн инвестиция тартуу долбоору каралууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Айыл чарбасын механизациялоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каржылоо боюнча «Ислам Өнүктүрүү Банкынын» (ИӨБ) Программасынын Миссиясынын өкүлдөрүнүн жана «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба жана атайын техникаларын, кайра иштетүүчү ишканалары үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн «Ислам Өнүктүрүү Банкынын» каражаттарынан 45,0 млн. доллар суммасындагы инвестициялык насыя тартуу долбоору талкууланды.
Азыркы учурда «Ислам Өнүктүрүү Банкы» менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 2024-жылдын 20-декабрына чейин Айыл чарбасын механизациялоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каржылоо боюнча келишимге кол коюу, 2025-жылдын 31-мартына чейин каржылоо келишимин ратификациялоо процедурасын уюштуруу маселелери каралууда.

Show More
Back to top button