Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Соң-Көл көлүндө сиг-лудога балыгынын чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Сиг-лудога балыгынын чабактарын өндүрүүчү энелик балыктарды кармоону баштады.
Бүгүнкү күнгө карата 2,5 миллион даана уруктанган икра даярдалды. Балык чарбасынын жылдык планы 5,5 миллион даана икраны түзөт.

Show More
Back to top button