Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинин Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү сууну камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекеменин жетекчиси Азамат Шадманов атайын жумушчу топ менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районуну Таш-Дөбө айылындагы таза суу чыгаруучу аймакты жеринен текшерип тийиштүү тапшырмалар берди.
Белгилей кетсек, азыркы учурга жумушчу долбоор иштелип чыгып, тийиштүү документтер Аламүдүн районунун архитектура башкармалыгына тапшырылды.
Долбоорго ылайык, Таш-Дөбө айылында 2 скважина курулуп, ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, жарандар таза суу менен толук камсыз болот. Каржылоо республикалык бюджеттен каралды.