Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен, терини кайра иштетүүчү завод жана бут кийим фабрикасын куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы Пахта айыл аймагында чоң заводду куруу пландалууда.
Заводду куруунун негизги максаты тери, жүн ишканаларын өндүрүштүк зонага чакыруу жана экологияга, калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн ишканалардан чыккан саркынды сууларды өзүнчө канал аркылуу кайра иштетүү.
Азыркы учурда Министрликте ишкерлер менен жолугушуулар жүрүп, заводдун курулушу боюнча пикир алмашуу иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыккан ишкерлерди ири жана чакан ишканаларды куруу боюнча кызматташууга чакырат. Байланыш үчүн номерлер: 0704 184184; 0555 508220.