Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагында авиация кызматын колдонуу толук кандуу ишке аша баштады

Бүгүнкү күндө, Ысык-Ата районунда жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоо үчүн агродрондор, учуучу жеңил авиацияны колдонуу толук кандуу ишке аша баштады.
Айтсак, айыл чарба жерлерин иштетүүдө жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоодо авиация менен күнүнө 500 гектар жерге чейин иштетүүгө мүмкүн. Бир гектарды иштетүүнүн баасы жердин рельефине жараша орточо 500 сомду түзөт.
Ошону менен бирге эле, агрардык тармакты жаңы заманбап техника менен камсыздоо иштеринин жүрүшүндө аталган районда жаңы МТСтин ачылышы болду. Жаңы ачылган МТС – 2 Zoomlion RG 2004 трактору, 1 RS 1604, 1 RN 1104 жана 1 RN 904 фронталдык жүктөгүч сыяктуу бир катар заманбап жаңы техникалардан турат.
Иш чаранын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра ишитүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев: “Мындай жаңылануу Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде фермерлерди колдоого жана аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталып жүзөгө ашууда. Өзгөчө жер иштетүү кызматтарын көрсөтө турган дрондор, учуучу жеңил авиация айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрөт. Дрондорду, авиациянын айыл чарбада колдонуунун артыкчылыгы, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетип, чыгымын, убактысын үнөмдөйт. Бул жагдай дыйкандарга жер иштетүү процесстерин оптималдаштырууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга эффективдүү натыйжа берет”, – деп билдирди.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык коюлган тапшырмалардын негизинде, Министрлер Кабинети жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн МТСтердин паркын толуктоо, жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

Show More
Back to top button