Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте 2024-жылдын 26-27-октябрында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтүүдө.

Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз. Ошондой эле, Министрлик Кыргызстандын баардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет. Белгилей кетсек, жарманке ар жуманы дем алыш күндөрү өткөрүлүп турушу максатталууда.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.Саат 09:00 дөн 19:00 гө чейин болот.

Суроолор боюнча Министрликтин кызматкерине байланышсаныздар болот: 0702 702 000

Show More
Back to top button