Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бишкекте жаран жайыт жерин мыйзамсыз пайдаланып келген

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Бишкек шаарына караштуу “Маевка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы 85, 86-контурлардагы капиталдык курулуш курулган жер тилкесин текшерүүдө мыйзам бузууларды аныктады.
Ага ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын инвентаризациялык китебинде 85-контур-айдоо жери, 86-контур-жайыт жери деп көрсөтүлгөн. Бирок, ал жерге Р.Ж.А. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз сарай салынып, төшөлмөсү бетондолгон, курулуш үчүн дагы пайдубал курулуп, андан сырткары, чабан үй салынган. Ошондой эле, эч кандай укук аныктооочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтер көрсөтүлгөн жок.
Жыйынтыгында, КР Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 516-беренесине ылайык жана КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 212-беренелериндеги кылмыштын белгилери байкалгандыктан, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча материалдар КР Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button