Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев илимий институттун өкүлдөрү, уяң жүндүү кой чарбасынын өкүлдөрү жана «Кыргызжүн» ассоциациясынын өкүлдөрү менен уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Ошондой эле меринос тукумун жакшыртууга жана уяң жүндүү кой чарбасынын ички жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган конкреттүү чараларды иштеп чыгуу жагы каралды. Жүндү кайра иштетүүчү ишканасын уюштуруу жана Кыргыз тоо мериносунун базасында эт багытындагы меринос түзүү, калктан жүн сатып алуу үчүн өкмөттөн финансылык каражат бөлүүгө жетишүү жана уяң жүндү КЭРге экспорттоого 100 сомдон сунуштоо каралды.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуу учурунда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү жана уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү максатында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүүнүн жакынкы келечектүү программасын иштеп чыгуу, анда ички жана эл аралык рыноктордо уяң жүндүү кой чарбасынын продукттуулук сапаттарын жакшыртууга жана анын продукциясынын (жүнүнүн) атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган маселелерди чечүү. Аны менен бирге өндүргүч кочкорлорду импорттоп алып келүү. Импорттолгон өндүргүч кочкорлорду ветеринардык кызматтын реестрине ветеринардык процедуралардан өткөндөн кийин киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өзүнүн компетенциясынын чегинде уяң кой чарбасын өнүктүрүү маселелери боюнча “Кыргызжүн” ассоциациясына дайыма көмөк көрсөтөөрү белгиленди.

Show More
Back to top button