Бүгүнкү күндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу биргеликте күзгү айдап-себүү жана оруп-жыюуга дыйкандарга дизельдик күйүүчү майдын талондорун 65 сомдон таратууда.
Ага ылайык, дизельдик күйүүчү майга квота бөлүнүп, дыйкан-фермерлерге талондор таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, азыркы учурда дээрлик 2 млн 975 000 литр күйүүчү май бар.
Арзан баадагы дизельдик күйүүчү майды алуу үчүн Министрликтин ар бир райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.