Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл айыл чарба продукциясынын экспорту көбөйүп, импорту азайган

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тогуз айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.
Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.
Анда маалыматка ылайык, 2024 – жылдын январь-август айларында айыл чарбасынын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4%га көбөйүп, 92294,6 млн сомду же түзгөн. Ошол эле учурда экспорттук берүүлөр 10,1%га көбөйүп, 24814,4 млн сомду түздү, импорттук түшүүлөр 0,7%га төмөндөдү, же 67480,2 млн сомду түздү.
Экспорт. 2024 – жылдын январь-август айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 24814,4 млн сомго экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1% га көп, анын ичинде:
2024-жылдын январь-август айларында мал чарба продукциясы 5434,3 млн сомго экспорттолду, же бул өткөн жылдын деңгээлинен 6,6 пайызга көп.
2024-жылдын январь-август айларында өсүмдүк продукциясы 7446,9 млн сомго экспорттолду, же бул өткөн жылдын деңгээлинен 2,4 пайызга көп.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциялары боюнча 2023-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу экспорттун 17,3 пайызга көп болуп, суммасы 11933,2 млн сомду түздү.
Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 13,1 пайызды түздү, ал эми 2023-жылы бул үлүш 13,6 пайызды түзгөн.
Импорт. Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын импорту 2024-жылдын январь-август айларында 67480,2 млн сомду түздү, же бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайызга аз.
Мал чарба продукциясынын импорту 1840,4 млн сомду түздү, же бул 2023-жылга салыштырмалуу 31,8 пайызга аз.
Өсүмдүк продукциясынын импорту 19296,1 млн сомго импорттолду.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын импорту 46343,7 млн сомду түздү, же бул 2023-жылдын деңгээлинен 0,1 пайызга аз.
Республиканын импортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын импортунун үлүшү 2024-жылдын январь-август айларында 9,1 пайызды түздү, ал эми 2023-жылдын тийиштүү мезгилинде бул үлүш 9,9 пайыз болгон.

Show More
Back to top button