Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

9 айдагы айыл чарбасындагы дүң продукциянын өсүү темпи 106,7 пайыз болду

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тогуз айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.
Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.
Анда ал алгач макроэкномикалык көрсөткүчтөргө токтолду. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 9 айында республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы ушул жылдын иш жүзүндөгү баалары менен эсептегенде 302082,1 млн сомду түздү, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10690,6 млн сомго көп болду.
Анын ичинен, мал чарбасынын продукциясы 137605,1 млн сомго, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7567,0 млн сомго көп, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 153630,4 млн сомго, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2051,9 млн сомго көп өндүрүлдү. Кызмат көрсөтүү көлөмү 8171,9 млн сом болду, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 949,9 млн сомго көп, балык уулоо – 2311,7 млн сом болду, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121,8 млн сомго көп болду. Аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы 363,0 млн сомду түздү, же болбосо 2023-жылдын деңгээлинде өндүрүлгөн.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дүң продукциянын өсүү темпи 106,7 пайыз болду, анын ичинен мал чарбасы – 102,7 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 110,4 пайызды түздү.
Баткен облусу – 20813,7 млн сом, өсүү темпи 101,2 пайыз, Жалал-Абад облусу – 60554,2 млн сом, өсүү темпи 104,6 пайыз, Ысык-Көл облусу 36732,2 млн сом, өсүү темпи – 111,1 пайыз, Нарын облусу 21878,7 млн сом, өсүү темпи – 103,0 пайыз, Ош облусу 54640,0 млн сом, өсүү темпи – 104,5 пайыз, Талас облусу 24862,5 млн сом, өсүү темпи – 100,8 пайыз, Чүй облусу 74821,5 млн сом, өсүү темпи – 112,9 пайыз, Бишкек шаары 5112,2 млн сом, өсүү темпи – 102,1 пайыз, Ош шаары 2667,1 млн сом, өсүү темпи – 100,1 пайыз болду.
2024-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясында (ИДП) айыл чарбасынын дүң продукциясынын салыштырма салмагы (үлүшү) 10,8 пайызды түздү.
Айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүндө мал чарбасы 45,6 пайызды, өсүмдүк өстүрүү 50,8 пайызды, кызмат көрсөтүү 2,7 пайызды, токой чарбасы 0,1 пайызды, балык чарбасы 0,8 пайызды түздү.

Show More
Back to top button