Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

9 айда Кыргызстандан карантин алдындагы продукцияларды жеткирүүдө фитосанитардык талаптардын бузулушу жөнүндө 7 билдирүү келип түшкөн 

2024-жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынан карантин алдындагы продукцияларды жеткирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу жөнүндө 7 билдирүү келип түшкөн, анын ичинде:

– Азербайджан Республикасына экспорттолгон беде уругунан карантиндик зыяндуу организм – сары чырмоок (Cuscuta sp.) табылгандыгы тууралуу билдирүү;

– Казакстан Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органынан Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына карантинге алынган продукцияны жеткирүүдө карантиндик зыяндуу организм – азиялык мөмө-жемиш дрозофиласы (Drosophila suzukii) гиластын партиясында табылгандыгы жөнүндө;

– Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын карантин алдындагы продукцияларды (алма, өрүк, шабдалы) Россия Федерациясынын аймагына ташып кирүүдө эл аралык жана россиялык фитосанитардык талаптардын бузулушу жөнүндөгү 5 билдирүү келген. Бул продукцияларда чыгыш мөмө жегичи (Grapholita molesta (Busck) жана калифорния калканчасы (Quadraspidiotus pernisiosus) табылгандыгы көрсөтүлгөн.

Жөнөтүлгөн нотификациялар боюнча:

– Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча Иран Ислам Республикасына 2 нотификация жөнөтүлдү, себеби импорттолгон кивинин партиясында карантиндик зыяндуу организм – тыт калканчасы (Pseudaulacaspis pentagona) жана анардын партиясында Комсток курту (Pseudococcus comstocki) аныкталган.

Нотификация же билдирүү – бул импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарына жүктүн, товарлардын партиясынын ылайык келбеген олуттуу учурлары, анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдердин табылышы, туура эмес таризделген фитосанитардык сертификаттар, маркировканын жоктугу жөнүндө импортточу тараптын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан расмий маалымдоосу.

Show More
Back to top button