Маанилүү жаңылыктар

Балык өнөр жай комплекси департаменти мамлекетттик жеке өнөктөштүк боюнча Эл аралык конференциясына катышты

Балык өнөр жай комплекси департаменти Бишкек шаарында 2024-жылдын 16-17-октябрында өтүп жаткан Мамлекетттик Жеке Өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча III Эл аралык конференциясына катышты.

Конференция салттуу түрдө үчүнчү жыл күч-аракеттерди бириктирүү жана биргелешкен натыи‌жалуу сунуштарды жана пландарды түзүү үчүн диалогдук платформа болуп кызмат кылып келе жатат жана Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азия регионунун экономикасынын негизги тармактарында МЖӨнүн жардамы менен туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө, ошондои‌ эле эл аралык деңгээлде учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган.

Конференция өлкөдөгү МЖӨнү өнүктүрүүнүн негизги этаптарын чагылдырууга, топтолгон тажрыи‌баны чагылдырууга жана Кыргыз Республикасынын МЖӨ борборун түзүлүшүнүн беш жылдык мезгилинин жетишкендиктерин көрсөтүүгө багытталган.

Show More
Back to top button