Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

 Жалал-Абадда жайыт жерин туура эмес колдонгон жаранга айып салынды 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айыл аймагындагы Баймак айылынын “Кескен-Таш” участкасынан Д.К.М. аттуу жеке жаран Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чачыранды алтынды казып алууга берилген күбөлүктөгү 0,50 га жер аянтын казбай, башка 0,70 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын күрдүү катмарын бузуп жибергендигин аныктады.

Жыйынтыгында, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык 537 600 сом доо коюлду. Мындан сырткары, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 241-беренеси боюнча 5 500 сом айып салынды.

Show More
Back to top button