Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «Yangling Jinhai Biotechnology» Co., Ltd компаниясынын төрагасы Лю Янлин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба жана биотехнология тармагында кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасында шарп ылаңына каршы вакцина чыгаруучу жабык циклдеги заводду ишке киргизүү маселелери талкууланды.
Долбоор өндүрүштүк циклдин бардык этаптарын: малды багып, бордоп семиртүүдөн баштап, эмдөө жана мал союучу жайга чейин толук камсыздоону камтыйт. Талкуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн ветеринардык коопсуздугун чыңдоо жана айыл чарба жаныбарларынын арасында жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун олуттуу төмөндөтүүчү жогорку сапаттагы вакциналарга ички суроо-талапты камсыздоо үчүн бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Лю Янлин «Yangling Jinhai Biotechnology» Co., Ltd компаниясынын заводдун курулушуна инвестиция салуу, алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү жана жергиликтүү адистерди даярдоо багытында кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, анын айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Тараптар долбоордун конкреттүү этаптары боюнча, ошондой эле, мындан аркы кадамдарды координациялоо үчүн жумушчу топ түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты. Заводдун ишке кириши ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекеттерге вакциналарды экспорттоо үчүн жаңы рынокторду ачууга өбөлгө болору күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул жолугушуу министр Бакыт Төрөбаевдин Кытай Эл Республикасында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйынына жана 8-Жибек жолу ЭКСПОнун ачылыш аземине катышуу максатында (2024-жылдын 19-20-сентябры, Пекин, Сиань) иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өттү.
Ошондой эле, макулдашылган завод куруу долбоору Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүгө багытталган “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында да каралууда.