Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев вагондордун токтоп тургандыгы үчүн айып пулду жеңилдетүү маселесин карап чыгууну тапшырды

Кант кызылчасын кабыл алуу пунктарында кампалардын аянты чектелүү болгондон улам Кыргыз темир жолуна кант кызылчасын ташыган вагондорду үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы коюлду. Ошондой эле, быйыл кант кызылчасынын түшүмү эң жогорку көрсөткүчтө (рекорддук) экендигин эске алып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кабыл алуу пунктарында вагондордун токтоп тургандыгы үчүн айып пулду жеңилдетүү маселесин карап чыгууну Кыргыз темир жолу ишканасынын жетекчилигине тапшырды. Ошону менен бирге кант кызылчасын кабыл алуу пунктарынын чийки затты кабыл алуу убактысын эки саатка узартуу боюнча чечим чыкты. Бул аракеттер фермерлердин көйгөйүн жеңилдетүүгө көрүлгөн чаралар.
Белгилей кетсек, 1-октябрдан тартып Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын фермерлери кант кызылчасынын түшүмүн массалык жыйноого киришкен. Кант кызылчасын кабыл Чүй облусунун 7 кант кызылчасын кабыл алуу пунктунда (Кемин, Чүй-Токмок, Ивановка, Кант, Сокулук, Беловодск) жана Талас облусунда жайгашкан Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пунктунда жүрүп жатат.
15-октябрга карата 350,6 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынды, бул көрсөткүч 2024-жылдын түшүмүнүн божомолунун 40 %га жакынын түзөт. Кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынын бардыгы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлгөн, фермерлердин кант кызылчасы менен жүктөлгөн машинелери күн сайын дем алышсыз эртең мененки саат 08-00дөн кечки 20-00гө чейин кабыл алынууда. Бул өз ара аракеттенүү натыйжалуулукту жогорулатуу жана кант кызылчасынын бардык түшүмүн кыска мөөнөттө кабыл алууну камсыздоого багытталган.

Show More
Back to top button