Маанилүү жаңылыктар

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгине 1000ден ашык мажүрүм тал жана көк терек көчөттөрү отургузулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 86-чакырымындагы айланма жолдун жээгине 400 даана мажүрүм тал жана 660 даана көк терек көчөттөрүн отургузуу өнөктүгүн өткөрдү.

Иш-чара Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында уюштурулду.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, биринчи орун басары Жаныбек Керималиев, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук суу чарба башкармалыктардын башчылары катышты.

“Жашыл мурас” улуттук программасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, абанын сапатын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн дени сак экосистеманы түзүүгө багытталган.

Бак-дарактарды жана көчөттөрдү отургузуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул жакырчылыкты жоюуга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого салым кошот.

Жашылдандыруу долбоорлору жаратылышка жардам берүү менен бирге, экономикалык өсүшкө жана социалдык туруктуулукка дагы оң таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Президентибиз Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жол жээктерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча тапшырмасын биринчилерден болуп аткарып жатат.

Show More
Back to top button