Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Дыйкан жана фермерлердин кирешесин көбөйтүү, дан эгиндеринен кийин айдоо аянттарын бош калтырбоо жана экинчи ирээт түшүм алуу үчүн маш өсүмдүгүн өстүрүү максатында, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу мамлекеттик сорт сыноо участогунун 5 га жер аянтына буудай эгилип, түшүмү 18-июлда жыйналып алынган. Андан соң анын ордуна экинчи түшүм алуу үчүн маш эгилген. Ага кеткен чыгым 1 га аянтка 59,6 миң сомду түздү. 13-14-октябрда 85 күндүк машты оруп-жыйноо иштери башталат. Күтүүлүчү орточо түшүмдүүлүк 18ц/га.
1кг маштын базар баасы учурда 180 сом турат. Ал эми биз маштын 1 килограммын 100 сомдон сата турган болсок, анда жалпы киреше 180 миң сомду түзүп, таза киреше 120,4 миң сом болот. Ушул эле себүү аянтына негизги эгин катары эгилген буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 47 центнерден алынган жана андан түшкөн таза киреше гектарына 60,0 миң сомдон айланган. Ошентип негизиги эгин менен экинчи түшүмдөн алынган таза киреше 180,4 миң сом болот деп турабыз.
Өлкөбүздүн дыйкандары үчүн мындай кошумча киреше табуу абдан маанилүү болуп эсептелет. Бул тажрыйбаны 2025-жылы өлкөбүздүн түштүгүндөгү региондоруна кеңири жайылтабыз деген үмүтүбүз бар.

Show More
Back to top button